Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жакын тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги күч органдарынын маалыматына таянып жазды.

Белгилей кетсек, Камчыбек Жолдошбаев №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы борбор калаанын С. М. О. аттуу тургуну добуш сатып алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Атайын кызмат тараткан маалыматта шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин жакын тууганы экен жазылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, С. М. О.нун Бишкек шаарындагы райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөн.

С. М. О. 16-ноябрда акча таратып жаткан учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Мындан тышкары анын унаасын тинтүү учурунда шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме менен ири суммадагы акча каражаты  табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү («Шайлоочуларды сатып алуу») боюнча катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты