БШК үгүт иштеринин ачыктыгын камсыздоо боюнча Facebook менен кызматташат
- 1 месяц мурун
4-ноябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен Борбордук Азиядагы программаларды ишке ашырууга жооптуу Facebook өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Жолугушуу Гуманитардык диалог борборунун көмөгү менен “Жарандык интернет саясаты” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Маалыматта айтылгандай, БШК бир катар жылдардан бери шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин жөнөтүү менен мыйзамдын талаптарына ылайык Facebook социалдык тармагындагы саясий жарнактарды каржылоонун ачык-айкындуулугуна мониторинг жүргүзүп келет.
«Биз жарнак таркатылып жаткан аккаунттардын аныктыгын текшерүү жана аларды Meta тарабынан авторлоштуруу эрежелерди сактоо боюнча кыйла таасирдүү чаралар экенине ынандык. Алдыдагы шайлоого катыша турган бардык талапкерлердин жана партиялардын тизмесин Фейсбукка жөнөттүк» деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова.
Фейсбук менен өз ара аракеттенүү аркылуу партиялар жана талапкерлер саясий жарнак таратуучу катары аныкталышы мүмкүн жана алар белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү.
Социалдык тармактарда партиялар жана талапкерлер тарабынан үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүүнү БШКнын маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу тобу, ошондой эле жакында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча коомдук кеңеш жүргүзөрү белгиленди, анын курамына медиа уюмдарынын, журналисттик бирикмелердин, ЖМКлардын, блоггерлердин жана медиа-эксперттердин өкүлдөрү кирген.
Meta (Facebook) Борбор Азия жана Шри-Ланка боюнча коомдук саясат бөлүмүнүн башчысы Сенура Абейварден Meta Кыргызстан жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи. «Айкындуулук чаралары – биз дайыма жаңылап туруучу ѳтѳ маанилүү инструмент», — деди ал.
Meta Facebook платформасында таза шайлоону камсыз кылууда шайлоо кызматкерлерин колдоого багытталган ички саясатты жүргүзүп келет. Бул үчүн жарнак китепканасы түзүлүп, анда талапкерлердин жана саясий партиялардын аккаунттары авторлоштурулган саясий жарнактар жайгаштырылат, ошондой эле каражат булактарын кошуу менен каржылоо жѳнүндѳ маалыматтар жазылат.
Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.
Бардык саясий жарнактар Жарнама китепканасына кошулган, ага www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жетүүгѳ болот, анын жогорку бетинен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек.
Сүрөттөр: БШК