БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды
- 2 года мурун
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-мартта, БШКнын 2022-жылдын 11-мартындагы токтомунун негизинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиевага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.
Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
27-февралда Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.
Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өткөн. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышты.
Биринчи май шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдаиева шайлоочулардын 47,97%нын добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти. Ал эми Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта, БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.
Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.