БШК электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууга көзөмөл жүргүзөт

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук капчык аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучун алдын алууга байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Ага Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү катышты. Анда идентификацияланбаган төлөм тутумдары аркылуу аткарылчу төлөмдөргө байкоо жүргүзүү маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында добуш сатып алуунун мүмкүн болуучу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  • БШК, Улуттук банк, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоо мезгилинде, айрыкча шайлоо датасына чейинки эки жуманын ичинде (2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин) жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
  • Төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бир түзүлмөдөн бирдей суммада кайталанган транзакциялар же убакыттын белгилүү бир тогошунда катары менен бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөм деп эсептелсин.

Жазык кодексине ылайык шайлоочулардын добушун сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат.

Кыргызстанда шайлоочулардын добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат деген коркунуч бар экенин буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыккан. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн экенин айткан.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө байланыштуу шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты