Электрондук капчык системасындагы мүчүлүштүктөн пайдаланып, 23 млн сом алдоого шектүү кармалды
- 3 дня мурун
Электрондук капчык системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпысынан 23 млн сом звян келтирүүгө шектүүлөр кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына (ИИБ) С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анда 2025-жылдын 14-ноябрында электрондук капчык системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпы 23 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкендигин билдирген.
Бул факты боюнча Биринчи май районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө аракеттери жана ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Ал жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Биринчи Май районунун соту шектүүнү эки айга камакка алуу жана №21 мекемесине киргизүү чечимин чыгарды.
Сүрөт: Бишкек ИИББ басма сөз кызматы




