БШК дагы 295 эл аралык байкоочуну каттады

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-ноябрда алдыдагы парламенттик шайлоого карата 295 эл аралык байкоочуну каттады. Ушуну менен каттоодон өткөн эл аралык байкоочулардын саны 730га жетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, катталгандырдын басымдуу бөлүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламент аралык ассамблеясынын байкоочулары түзөт.

Булардан тышкары байкоочулары катталгандар арасында КМШга кирген мамлекеттер, Шанхай Кызматташтык Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы, Ислам Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун парламенттик ассамблеясы бар.

Мындан тышкары Азербайжан, Беларус, Грузия, Казакстан, Латвия, Литва, Мальдив, Молдова, Орусия, Румыния, Тажикстан, Түркия, Украина жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн шайлоого байкоо салуу үчүн каттады. Расмий каттоодон өткөн байкоочулардын арасында башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү да бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 290дой талапкер калды. Бирдиктүү шайлоо округунан 21 саясий партия ат салышып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты