БШК бир мандаттуу округдан 326 талапкерди каттады

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 326 талапкерди каттады.  

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты