БШК: Баткендин айыл аймактарында электрондук добуш берүү колдонулат

  • 1 год мурун

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Баткен облусунун Баткен районундагы  Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү биринчи жолу апробацияланат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн айыл аймактарда туруктуу каттоодо турган, бирок шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жараны электрондук добуш берүү мүмкүнчүлүгүнѳн пайдалана алат.

Шайлоочулары электрондук добуш берүүгѳ катыша ала турган айылдар:

Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Орто-Сай, Паскы-Арык, Миң-Өрүк, Жаңы-Бакайылдары;

Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай, Көк-Таш, Уч-Дөбө, Капчыгай, Бакай, Таш-Тумшук, Миң-Булакайылдары;

Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр, Рават, Орто-Боз айылдары.

Элекрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн шайлоочу 2023-жылдын 24-мартына чейин шайлоо комиссиясына арыз же шайлоочулардын «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук арыз берүүсү зарыл.

2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй  облустарынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Суроолор боюнча тѳмѳндѳгү телефон номерлерден консультация алсаңыздар болот:

Кыска номер 1255; +996 312 660240;

+8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты