БШК «Азаттык» партиясынын талапкерлер тизмесинен Райым Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду чыгарды

  • 2 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-ноябрда өткөн жыйналышында «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясы көрсөткөн талапкер Мунарбек Сайпидиновду, чуулгандуу Райымбек Матраимовдун өкүл баласын, Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Мунарбек Сайпидиновдун «Азаттык» партиясынын талапкерлер тизмесинен чыгаруу жөнүндө өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

Мунарбек Сайпидиновду аталган партиянын талапкернлер тизмесинен чыгаруу чечимин БШКнын маалыматтык кызматы билдирди.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты