БШК Амантур Мусагул уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
- 2 месяца мурун
Бишкек шаардык кеңешинен “Эмгек” саясий партиясынан Мусагул уулу Амантурдун ыйгарым укуктары 26-мартта токтотулду. Бул тууралуу Борборду кшайлоо комиссиясы билдирди.
Анын мандаты тизмедеги кийинки талапкер Майрамбек уулу Сыргакка өткөрүлүп берилди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталганын билдирди. УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, “М. у А. 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган”.
Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 17-мартта камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Бишкек шаардык кеңешинин кармалган депутаты М.у А. — Мусагул уулу Амантурдун ысымына туура келет (ред.)
Ошондой эле БШК 26-мартта жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. БШК Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Баткен шаардык кеңешинен Абдыкаар уулу Уланбектин («Ыйман Нуру» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Таштанов Даниярга өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Малик кызы Гүлнурдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Саматова Абибага;
Баткен шаардык кеңешинен Сулайманбек уулу Акжолдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Алишеров Кенжебайга;
Баткен шаардык кеңешинен Дүйшеева Уулкандын («Ынтымак» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Жороева Каныгүлгө;
Бишкек шаардык кеңешинен Мусагул уулу Амантурдун («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Майрамбек уулу Сыргакка;
Бишкек шаардык кеңешинен Жумалиев Чынгыздын («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Улугбеков Алмазбекке;
Алай районунун Курманжан Датка айылдык кеңешинен Сарыбаева Гүлүмкандын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаты Абдиева Айнагүлгө;
Алай районунун Памир-Алай айылдык кеңешинен Турдубеков Мурзабайдын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Косонова Гүлзинага өткөрүлүп берилди.
Сүрөттө: Амантур Мусагул уулу. Интернет булактарынан