30 миң доллар алдап алууга шектелип, Бишкек шаар кеңешинин депутаты кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталганын билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, “М. у А. 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган”.
Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 2025-жылдын 17-мартында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы