БШК Акбөкөн Таштанбековду депутаттыкка каттады

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу 35 шайлоо округу боюнча жыйынтык чыгарды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК 14-декабрдагы отурумунда № 21 Талас округунда талапкер Бактыбек Чойбековду, №30 Ысык-Ата округунан Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады.

Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган. БШК сот чечими чыга электигине байланыштуу Таштанбековду депутаттыкка каттоого тоскоолдук жоктугун билдирди.

Баарына каршы добуш бергендер көп болгон Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өтөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты