БШК № 8 шайлоо округу боюнча Акаевдин ордуна Сарыбашовго мандат берди

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 19-февралда,  № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын Таалайбек Сарыбашовго берүү боюнча токтом кабыл алды.

Таалайбек Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

БШК бүгүн, 19-февралда, президентинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 65 жарлыгынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жанарбек Акаев  18-февралда Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. 

Сүрөттө: Таалайбек Сарыбашов. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты