Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда кол койду.

Жанарбек Акаев 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылында туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 2018-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, юриспруденция адистигин алган.

2008-2015-жылдары “Азаттык” радиосунын кыргыз кызматынын журналисти, 2015-жылы февраль-август айларында президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. 2015-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2021-жылы “Альянс” партиясынан  Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, 2025-жылы бир мандаттуу №8 округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.  

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөттө: Жанарбек Акаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты