БШК 15 гезитке бардык талапкерлер жана  шайлоо бюллетенин толтуруу эрежелери тууралуу маалымат жарыялады

  • 2 года мурун

Саясий партиялардан 1 015 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер жөнүндө (бардыгы 1311) маалыматтар 15 гезитке жарыяланды.

Маалымат 150 миң нускадагы жалпы тираж менен 12 облустук гезитке жана “Эркин Тоо” гезитине жайгаштырылды. Шайлоочуларга санитардык ченемдер жөнүндө маалымат берилди.

БШКнын маалыматтык ресурсу –https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary/ бөлүгүнөн талапкер жөнүндө маалыматты окууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын  программалары менен онлайн таанышууга болот.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле гезиттердин атайын чыгарылыштарында, ошондой эле “Эркин Тоо”, “Для Вас” жана “Супер инфо” гезиттерине  аралаш шайлоо тутуму, шайлоо участогунда добуш берүү жол-жобосу жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялоону уюштурду.

Добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келип, шайлоочу участоктордо илинген ушул плакаттар аркылуу талапкерлер менен таанышса болот.

Ар бир кабинада округ боюнча талапкердин бюллетендердеги номерин, партиянын номерин жана ар бир партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерди тактоо үчүн  талапкерлер жана партиялардын талапкерлеринин тизмелери тууралуу маалыматтар менен маалымдамалар коюлат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин дебаттары жана жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү – облустук телеканалдарда, Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 5-каналда өткөрүлөт.    Партиялардын ортосундагы дебаттар борбордук телекөрсөтүүдө – КТРК жана ЭлТР каналдарында өткөрүлөт.

Дебаттардын графигин https://shailoo.gov.kg/kg/news/5882/ шилтемеси боюнча көрсө болот.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты