БШК 14 айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо натыйжаларынын протоколдорун бекитти

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14 айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

14 айылдык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде, округдарда аялдар үчүн 97 мандат резервде калтырылган, 470 талапкер катталган, анын ичинде, 164ү аял-талапкер.

Бардыгы – 254 депутат шайланды, анын ичинде, 102 депутат – аялдар.

14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:

Баткен облусу

Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши

Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши

Ош облусу

Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши

Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңеши

Нарын облусу

Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши

Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши

Талас облусу

Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши

Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңеши

Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши

Чүй облусу

Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши

Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө АШК чечимдери БШКга 3 күн ичинде даттанууга болот. БШК чечимин сот тартибинде даттанса болот.

2023-жылдын 9-апрелинде Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешти шайлоо өттү.

14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 53 шайлоо участогу уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты