Британ чалгыны: Орусия аскерлери Украинанын түндүгүнөн толугу менен чыгарылды

  • 2 года мурун

Орус армиясы Украинанын түндүгүнөн Беларус жана Орусия аймагына толугу менен чыгарылды.

Бул тууралуу Улуу Британиянын коргоо министрлиги аскер чалгынына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, бул бөлүктөрдүн айрымдары Донбасстагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Украинанын чыгышына жөнөтүлөт. Алардын көбү толукталууга муктаж.

“Түндүктөн кандай гана жапырт кайра жайгаштыруу болбосун, бул кеминде эки аптаны алат” деп айтылган билдирүүдө.

Британия Коргоо министрлиги Украинанын чыгышында жана түштүгүндө шаарларды аткылоо уланып жатканын, орус аскерлери Изюм шарынан да алыска жылып баратканын кабарлады.

Украинанын түндүк-чыгышындагы Сума облусу орус аскерлеринен бошотулду. Облустун башчысы Дмитрий Живицкий аймакта миналанган, кооптуу жерлер көп экенин айтып, четтеги жана токой жолдорун колдонбоого, өрттөлгөн аскер техникаларынын жанына жолобоого чакырды.

БУУнун соңку маалыматтарына караганда, Украинада согуш башталгандан бери 1611 карапайым киши каза тапты, алардын арасында 131 бала бар, 2227 адам жаракат алды.

Украинада 11 миллиондон ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты