Боролдой айылына түшүп келген ак илбирс кайра жаратылышка коё берилди

Кемин районунун Боролдой айылына түшүп келген ак илбирс Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү коё берилди.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.  

Жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Ал 3–4 жашта, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.

Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунда жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн, 14-январда, кайра жаратылышка кое берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылына түн ичинде тоодон ак илбирс түшүп келген.

Министрлик билдиргендей, Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс (кар барсы) байкалган. Окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган. Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бактардын бирине чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын токойчусу Ж. Чокоев, аңчы У. Абыканов ыкчам барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты