Кемин районунун Боролдой айылына тоодон ак илбирс түшүп келди

Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылына түн ичинде тоодон ак илбирс түшүп келди. Бул тууралуу генерал Абдыгул Чотбаев Фейсбук социалдык тармагында билдирди. Маалыматты жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тастыктады.

Министрликтин айтымында, Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү ак илбирс (кар барсы) Боролдой айылында 29-декабрда түнкү саат 23:20 да байкалган.

-Ак илбирс Данил Супатаевдин апасынын үйүндө, бакта отурат,-деп билдирди генерал Чотбаев социалдык тармакта.

Видео тасмадан айылдан ак илбирсти көрүп калгандар издеп, анын бакка чыгып кеткенин табышканын көрүүгө болот. Ак илбирс чоң экенин айтып жатышты.

Министрлик билдиргендей, Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс (кар барсы) байкалган. Окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган. Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бактардын бирине чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын токойчусу Ж. Чокоев, аңчы У. Абыканов ыкчам барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.

Кемин районунун Боролдой айылына тоодон ак илбирс түшүп келди
Кемин районунун Боролдой айылына тоодон ак илбирс түшүп келди

Баш сүрөт: mnr.gov.kg

Сүрөт: Чотбаевдин ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты