Борбордогу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды
- 2 недели мурун
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштерин мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын узундугу 65 метр, диаметри 530 мм участкасы алмаштырылды.
Бул жылуулук түтүгү 1985-жылдан бери пайдаланылып келген жана өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аяктаган.
Учурда аталган тилкедеги жол кыймылына коюлган бардык чектөөлөр алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү