Борбордогу мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарындагы мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат. Борбор шаардагы жогорку окуу жайлар 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бишкек шаарындагы мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат. Окуу сабактары бекитилген окуу пландарына жана графиктерге ылайык онлайн форматта өткөрүлөт. Мэрия окуу программаларынан артта калуу болбойт. 2-декабрдан баштап сабактар кадимки форматта улантылат. Борбор калаадагы жогорку окуу жайлар 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт” деп айтылат маалыматта.

Окуунун онлайн форматта өткөрүлүшү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумун өткөрүүгө байланыштуу, 2025-жылдын 25-ноябрынан  27-ноябрына чейин шаарда айрым объектилердин иштөө режимине жана транспорт кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Санитардык тазалоого байланыштуу аталган күндөрү — «Ош базары», «Сары-Өзөн»  базарлары жабык болот.

Ошондой эле ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында расмий иш — чараларды өткөрүү мезгилинде, ошондой эле алдыдагы шайлоолорду жана андан кийинки билим берүү мекемелерин окуу процессине-санитардык иш-чараларды өткөрүүгө даярдоо зарылдыгы эске алынды.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардын коопсуздугун камсыз кылуу жана расмий иш-чараларга даярдоо боюнча убактылуу чараларга карата тургундардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

25-27-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизиле турганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты