Борбордо автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

  • 1 год мурун

Бишкекте 7-апрелде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу, Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

Курулуш иштери 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук (микроавтобус) каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт:

 №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрөт.

№133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтүшөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты