Борбор шаардын Тоголок Молдо көчөсүндө жаңы унаа токтоочу жайлар түзүлдү
- 9 месяцев мурун
“Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы борбор шаардын Тоголок Молдо көчөсүнө, Өмүрзаков атындагы стадионго жакын жерде жаңы унаа токтотуучу жайларды түздү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, узундугу 120 метр, туурасы 5 метр болгон унаа токтотуучу жай 40ка жакын унааны батыра алат. Эми спортчулар, күйөрмандар жана спорттук иш-чаралардын ышкыбоздору унааларын стадиондун жанына ыңгайлуу токтото алышат.
«Бишкек жашыл чарба» ишканасы жашылдандыруу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн жердин топурагын төмөндөтүү иштерин жүргүздү.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




