Борбор шаардын Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин улантууда.
Курулуш-монтаж иштерине байланыштуу бүгүн, 9-августта, Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдумомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Ошол эле күнү Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттун жүрүүсү үчүн кайрадан ачылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




