Борбор шаардын Медеров көчөсүн оңдоо иштеринен улам эки кесилиш убактылуу жабылат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында Медеров көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 2025-жылдын 11-июнунан 18-июнуна чейин эки жол кесилишинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Абай жана Тыныстанов көчөлөрү менен болгон кесилиштерде жол жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарынын алдын алуу максатында маршрутту алдын ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты