Борбор шаардын Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат
- 1 год мурун
2-апрелден тартып Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат. Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкина көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ошентип, Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Буга байланыштуу №212 коомдук транспорттун багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт.
Ошондой эле Медеров/Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландоону жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Буга чейин 25-марттан тартып, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир катар жол тилкелери жабыларын шаардык мэрия билдирди. Транспорт кыймылы үчүн Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Мындан тышкары, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




