Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар жол тилкелери жабылат
- 1 год мурун
Эртең, 25-марттан тартып, Бишкек шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир катар жол тилкелери жабыларын шаардык мэрия билдирди.
Транспорт кыймылы үчүн Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Мындан тышкары, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
Айрым жол тилкелеринин жабылышына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылында өзгөрүүлөр болбой тургандыгы белгиленди.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




