Борбор шаардын Курманжан датка көчөсү оңдоп -түзөө иштеринен кийин ачылды

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте 2025-жылдын 10-сентябрынын кечинин баштап Курманжан датка көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки алты тилкелүү бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин кыймыл толугу менен жанданды.

Реконструкциялоонун жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
— Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңыртылды;
— жолдун туурасы 12-16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
— жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
— жаңы бордюр жана жол белгилери орнотулду.
Ошондой эле мэр Айбек Жунушалиев тротуар, веложол, аялдамаларды курууну тездетип, көчөлөргө жарыктандырууну орнотууну тапшырды.

Келишимге ылайык, реконструкциялоону аяктоо 2025-жылдын 30-октябрына белгиленген. Иш мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлгөн.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты