Борбор шаардын Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

  • 4 недели мурун

Бишкекте бүгүн, 14-ноябрда, Профсоюз көчөсүнөн тартып  ЧЧК көпүрөсүнө чейинки аралык оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Узундугу 3,2 км болгон  көчөнүн оңдоо иштери дээрлик аяктады. Ал эми 14-15-16-ноябрь күндөрү  Фучик көчөсүнүн Жибек жолу проспекти менен Профсоюз көчөлөсүнүн кесилишинин чыгыш тарабы оңдоо иштерине жабылары  эскертилди.

Бишкек мэриясы шаар тургундары убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты