Борбор шаардын Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарында 2025-жылдын 21-августунан 1-сентябрына чейин Фрунзе-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча (Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анда жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери өткөрүлөт.

Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келе жатат (54 жыл) жана анын колдонуу  мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

“Бишкек жылуулук армагы” муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты