Борбор шаардын Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында эртең, 11-июлдан баштап, Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул — аталган көчөдөгү жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала каттамды пландаштырууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




