Борбор шаардын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
Эртең, 24-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Өчүрүү аймагы: Айчүрөк ЦУМ, «Берен Голд» соода борбору, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, «Кабар» маалымат агенттиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Шопоков көчөсү, 98а темир жол, Фонтан аймагы, Италиянын ардактуу консулдугу
Суу берүү жер астындагы өтмөк аркылуу өтүүчү жаңы линиянын кайра туташтырылышына байланыштуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




