Борбор шаардын 37 мектебинде мектеп лагерлери ачылат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында 3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде 4275 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулат.

Бишкек мэрисынын маалыматы боюнча, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

Июль айында окуунун алдыңкылары жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.

Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.

Сүрөт: bishkek.gov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты