Борбор шаардагы «Ак Босого» конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт
- 1 неделя мурун
Бишкек шаарынын “Ак босого” турак жай конушунда 31-октябрда саат 9.00дөн 15:00 гө чейин “Ак босого” турак жай конушундагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган аймактарда суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү