Борбор шаардын айрым райондорунда сууну өчүрүү күнү жылдырылды
- 5 месяцев мурун
«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы 19-мартка пландалган «Көк-Жар» суу топтомосунда жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирди.
Суу өчүрүү пландалган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелери айтылган:
темир жол тилкеси – Фрунзе көчөсү – Аламүдүн суусу – Панфилов көчөсү;
темир жол тилкеси – Матросов көчөсү – Горький көчөсү – Гвардейский туюк көчөсү – Бектенов көчөсү – Скрябин көчөсү – Мавлянов көчөсү – 7-Апрель көчөсү.
Суу берүүнүн чектелүү убактысы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




