Борбор шаардын айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
Бишкекте 19-мартта саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:•темир жол тилкеси- Фрунзе көчөсү-Аламүдүн суусу- Панфилов көчөсү; •темир жол тилкеси- Матросов көчөсү- Горький көчөсү- Гвардейский чолок көчөсү – Бектенов көчөсү- Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-апрель көчөсү.
Суу ”Көк-Жар” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




