Борбор шаарда беш автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөрдү
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарында 5-августтан тартып беш автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №101, №61, №100 жана №10, №11 каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрүлдү.
Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.
Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, багытты алдын-ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууңуздарды өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




