Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарында бүгүн, 5-августта, жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

2025-жылы Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдолууда.

2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты