Борбор Азия жана G7 өкүлдөрүнүн, тышкы саясат ведомство башчыларынын жолугушуусу  өттү

  • 6 месяцев мурун

8-ноябрда Япония тараптын демилгеси менен уюштурулган Борбор Азия жана G7 (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ) өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу онлайн режиминде өттү.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын темасы «Борбор Азия менен G7 өлкөлөрү ортосундагы диалог: кызматташтыктын артыкчылыктарын жана чөйрөлөрүн талкуулоо» болду.

Талкууланган маселелер боюнча Борбор Азия жана G7 өлкөлөрүнүн тышкы саясат ведомстволорунун, ошондой эле Европа Биримдигинин башчылары жана өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Маалыматта айтылгандай, тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов өз сөзүндө өз ара мамилелердин жаңы форматын канааттануу менен белгилеп, Борбор Азиядагы өз ара аракеттешүү акыркы жылдары саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда активдүү жана ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.

2021-жылы Бишкекте башталган өкмөт башчыларынын деңгээлинде Европа Биримдиги-Борбор Азия экономикалык форуму бизнес жана кызыкдар тараптар үчүн диалог, идея алмашуу жана өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу үчүн баштапкы кадам болгону айтылды.

Кыргызстандын өкүлү өткөн жылы БУУнун 77-Генералдык Ассамблеясында кабыл алынган 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаров тарабынан демилгеленген резолюцияны биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн Глобалдык фондун түзүүнү сунуштаган.

Жолугушуунун катышуучулары эл аралык күн тартибинде турган бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты жана иштин жүрүшүндө диалогду ушул форматта улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты