«Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында». Президент мөңгү аянтынын азайышы тууралуу
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумуна катышты.
«Мындан тышкары, биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз. Жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатат. Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды, ал эми 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн»деди Садыр Жапаров.
Бул көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн активдүү программасын жактай турганын баса белгиледи.
«Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарыбызга ылайык, биз «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 2030-жылга карата чыгындыларды 16% га, ал эми эл аралык колдоо менен 44% га кыскартууну пландап жатабыз,-деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: president.kg