Болот Темиров: Соттон мындай чечимди күткөн эмесмин. Сиздердин жардамыңыздар менен жеңдик!

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Болот Темировду актоо өкүмүн чыгарды. Бир гана документ жасалмалоо беренеси боюнча гана иштей турган маселе бар.

-Мен соттон мындай чечимди күткөн эмесмин. Сиздердин жардамыңыздар менен жеңдик. Кыргызстандыктарга, жарандык коомго, төрт адвокатыма, өзүмдүн командама да ыраазычылык билдирем, -деди Болот Темиров.

-Эгер сиздер мени колдобой койсоңуздар мындай чечим чыкмак эмес,-деди Темиров.

Бүгүн 28-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Боло Темировду актоо өкүмүн чыгарды. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод- 379-берене боюнча күмөн бар деп тапты.

20-апрелде Темировго жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты