Болот Назарбаев оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланды

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын бир катар маалымат каражаттары мурдагы президенттин иниси Болат Назарбаев оор абалда ооруканага түшкөнүн жазышты.

Алматы шаардык клиникасы кабарды ырастады, бирок жагдай тууралуу кеңири маалымат берген жок.

365info сайтынын жазганына караганда, Болат Назарбаев 3-ноябрда миокард инфаркты шеги менен Алматынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Сайт учурда анын абалы оор экенин, бөйрөк жетишсиздигинин көрсөткүчтөрү начарлап баратканын кабарлаган.

КазТАГ агенттиги да өз булактарына таянуу менен Болат Назарбаевдин жүрөгү кайра кармап, ооруканага жаткырылганын жана абалы оор экенин билдирген.

Orda.kz басылмасы коопсуздук кызматкерлери кабарчысын оорукананын аймагына киргизбей койгонун, журналист медициналык мекеменин короосунан брондолгон жол тандабас унааны байкаганын жазды.

«Кандуу январь» окуялары маалында экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаев да Дубайга Бишкек аркылуу учуп кеткени ачыкка чыккан.

Былтыр жайында Болат Назарбаевдин абалы оор экенин кабарланып, анын майыптар арабасында отурган видеосу соцтармактарда желдей тараган. Ошол маалда “Экспресс-К” сайты Болат Назарбаев Казакстандын Карасай районундагы өзү туулуп-өскөн айылда жашап жатканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты