Боливия Газадагы чабуулдан улам Израил менен дипломатиялык алакасын үздү

  • 6 месяцев мурун

Боливия Газадагы кыргындан улам Израил менен дипломатиялык мамилесин үздү. Ушул эле себеп менен Колумбия жана Чили мамлекеттери Тель-Авивдеги элчилерин чакыртып алды. Ал эми Бразилиянын президенти Израилдин аракеттерин «акылсыздык» деп атады.

«Биз миңдеген карапайым тургундардын өлүмүнө жана палестиналыктардын аргасыз жер которуусуна алып келген Газа тилкесиндеги чабуулдарды токтотууну талап кылабыз» деп айтылат Боливия президентинин администрациясы тараткан билдирүүдө.

Боливиянын тышкы иштер министринин орун басары өлкө Израилдин Газа тилкесиндеги агрессивдүү аскерий чабуулун айыптай турганын түшүндүрдү.

Боливия Израил менен дипломатиялык алакасын 2009-жылы да үзгөн. Буга Израилдин Газадагы «Коргошун» деген аталыштагы аскердик операциясы себеп болгон. Анда 1500дөй палестиналык каза тапканы айтылып келет. Өлкөлөр ортосундагы байланыш 2020-жылы гана калыбына келтирилген.

Колумбиянын президенти Густаво Петро Тель-Авивдеги элчини «Палестина элинин кыргынына» байланыштуу чакыртып алды. Ал Израилдин операциясын нацисттердин аракеттери менен салыштырды. Өз кезегинде Израилдин Тышкы иштер министрлиги аны «өзүнүн душмандык жана антисемиттик билдирүүлөрү менен» ХАМАСтын аракеттерин кубаттап жатат деп айыптады.

Чилинин президенти Габриэль Борич Израилдин аскердик операциясын «Газа тилкесиндеги палестиналык карапайым калкты жамааттык жазалоо» деп мүнөздөдү.

Буга чейин Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Израилдин аракеттерин «Газа тилкесин талкалоону каалаган, бирок ал жерде ХАМАСтын согушкерлеринен тышкары аялдар менен балдар да бар экенин унуткан өкмөт башчынын «акылсыздыгы» деп атаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 30-октябрда билдиргендей, палестиналыктардын арасындагы жоготуулар 8300дөн ашты, көбү аялдар менен балдар. 1,4 миллиондой киши үйлөрүн таштап кетти.

Израил тараптан 1400 кишинин каза болгону кабарланган. Алардын басымдуу бөлүгү ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда курман болгон. Израиль аскерлери жоочулардын колундагы 240тай туткундун айрымдарын бошотушканын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты