Болгариядагы турнирде Акжол Махмудов биринчиликти ээледи  

  • 1 год мурун

Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак категориясында күчүн сынаган. Аталган салмакта жалпы 21 спортчу катышты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Махмудов өз жолун 1/16 финалдан баштап, 3 жеңишти камсыздоо менен жарым финалган чыккан. Ал эми финалга болгон жолдомо үчүн Акжол норвегиялык Пер Андре Кюре менен күрөшкөн. Бирок Пер Андре Кюре жаракат алып, беттешти уланта албагандыктан Махмудов финалга жөнөгөн.

Алтын байге үчүн болгон таймашта Акжол армениялык Амоянды жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Буга чейин 60 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалды Жоламан Шаршенбеков алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты