Болгарияда мелдеште Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңип алды
- 7 months мурун
Болгариядагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков бүгүн, 5-мартта, финалга чыгып, польшалык спортчу М. Тракзды 6:0 эсебинде жеңип алып, алтын медаль тагынды.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта чыкты. 4-мартта ал 3 жолу мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишип, финалга чыккан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү