Болгарияда аварияга кабылган автобус өрттөнүп, 40тан ашуун киши набыт болду

  • 2 года мурун

Болгариянын батышында жүргүнчү ташыган автобус аварияга кабылып, кеминде 46 киши набыт болду.

Мерт болгондордун арасында балдар да бар. Жети киши күйүк менен ооруканага жеткирилди.

Жол кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экилер чамасында Боснек айылына жакын трассада катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча автобус жол тосмосун сүзүп, андан соң күйүп кеткен.

Автобуста Түндүк Македониянын номуру болгон. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Буяр Османи автобус Түркиядан Скопье шаарын көздөй келе жатканын кабарлады. Туристтер дем алыш күндөрү Стамбулга барышкан.

Автокырсык болгон жерге барган Болгариянын ТИМ башчысы Бойко Рашков каза тапкандардын сөөгү өрттөнүп кеткенин айтты.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты