Бодо мал, жылкы, кой-эчкини Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 1 месяц мурун

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын-бодо мал, жылкы, койл жана эчкини Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Чечимдин негизги максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу. 

Маалыматта айтылгандай, чеимге ылайык, төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду менен классификациялануучу бодо малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашырууга байланыштуу бир катар мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди. Толук маалымат шилтемеде. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты