Блогер Ырыс Жекшеналиевди актоо боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылды (Видео)

Бүгүн, 7-февралда, Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун блогер Ырыс Жекшеналиевди актоо боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

-Шаардык сот Биринчи май районунун прокуратурасынын Ырыс Жекшеналиев боюнча даттануусун карап чыкты. Бишкек шаардык соту актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык коллегия, биздин оюбузча туура чечим чыгарды. Себеби Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Биринчи май райондук сотунун чечимин бузуп, Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп, кайрадан кароону өтүнүп жатты эле. Бирок актоо тарап буга процессуалдык одоно бузуулар болгон эмес, районlук сот бир жылдан ашык карады, бардык тараптан карап чыктык, экспертизалар бар, -деди адвокат Нурбек Сыдыков.

Ал эми Ырыс Жекшеналиев буларга токтолду:

2022-жылы 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты