Блогер Ырыс Жекшеналиев абакта калтырылды

Бүгүн, 2-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралды. Шаардык сот Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Жекшеналиевди 14-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.  

Соттун жүрүшүндө Ырыс Жекшеналиев күнөөсү жок экенин, ал бөлүшкөн видеону жаңыдан бөлүшүп жатышкандыктан, эски экенин билген эместигин айтты.

“Мен окушум керек. Апам да жалгыз жашайт, кыш келе жатат, ага кыйын болуп калат. Мен окуумду тынч окуп, эч кимге тоскоол болбойм” деди.  

Шаардык сот блогер биринчи инстаннциядагы соттун Жекшеналиевди 14-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.  

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта кечинде милицияда бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга 14-октябрга чейин камакка алынган.

Укук коргоочу Рита Карасартова блогер Жекшеналиевдин соту болор алдындагы сот приставдарынын залга киргизбей, айыпка шектүүнүн жанына жолотпой жаткандыгын Фейсбук баракчасында түз эфирде көрсөттү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты