Бюджеттик каражаттарды уурдоого шектелип, мамлекеттик ишкананын директору кармалды

  • 2 года мурун

УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында «Санарип Кыргызстан 2019-2023» долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы Өкмөт тарабынан мурда санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн — маданият, маалымат жана туризм министрлигине, саламаттыкты сактоо министрлигине, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана билим берүү министрлигине 101 миллион 900 миң сом бөлүнгөнү аныкталды.

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директорунун жана бул министрликтердин жооптуу кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында республиканын бюджетине 38 миллион 740 миц сом зыян келтирилген.  Санариптештирүү» бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырыла элек.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чогултулганматериалдардын негизинде 2022-жылдын 30-августунда «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору «А.А.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу камак жайына киргизилгени жана иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты